Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз — 2023” деп аталган салтанат тартууланды. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты. Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)
Ош шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул...