Кечээ, 21-мартта Нооруз майрамынын урматына Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалы болуп өттү. Анда “Ынтымак” менен “Сары Өзөн” беттешип, Таластан келген команда жеңишке жетти. Оюнда “Ынтымактын” жаш көк бөрүчүсү Өмүрбек Эсен уулу артыкчылык көрсөттү. Бул видеодо Өмүрбек Эсен уулунун салган салымдары, өткөрүп берүүлөрү жана беттеш тууралуу пикири бар.
Канат Келдибеков, мушкер: “Азыр жашоо менен күрөшүп жатам”
Буга чейин социалдык тармактарда мушкер Канат Келдибеков жардамга муктаж деген видеолорду көрсөңүз керек. Биз анын азыркы учурдагы абалын билип кайттык....