Кечээ, 25-мартка караган түнү АКШнын Миссисипи штатында куюн жана катуу шамал болуп, анын кесепетинен 23 киши каза болду. Талкаланган үйлөрдүн астында дагы башка каза болгондор бар болушу ыктымал экенин дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Куюндан улам Силвер-Сити, Роллинг-Форк жана башка айыл жергесиндеги чакан шаарлар көбүрөөк зыян тартты. Анда дарактар кулап, электр чубалгылары үзүлүп, он миңдеген үйлөр жарыксыз калышты. Катуу шамал менен кошо катуу жаан жаап, гольфтун тобундай болгон мөндүр да жааган.
Роллинг-Форк шаарынын мэри «мындан ары шаар жок» деп билдирүү жасады. Ушул эле калаанын дагы бир тургуну журналисттерге «Мен өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин. Бул сонун чакан шаар эле, эми ал жок» деген комментарий берди. Аталган шаарда торнадо саатына 80 чакырымдык ылдамдыкка чейин жеткен.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...