«Бул Намибия эмес, бул Бишкек. Үйүңдөн 15 мүнөт алыстыкта». Мындай билдирүү менен шоумен Санжар Мыкыев Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигонунан видео жарыялады.
«Бишкектин борборунан 15 мүнөттүк жерде жайгашкан таштанды полигону. Таштандылар күндө өрттөнүп күйүп турат экен! Жанында жашаган эл эле эмес, жалпы Бишкек ушул түтүн менен ууланып жатабыз. Орозо баштыкчаларын таратып 3-4 саат эле жүрдүк, эми кийимдин ыш жыттанганын көрүп, өмүр бою ошол акыр-чикирдин жанында жашаган адамдардын абалын ойлогула. Канча жылдан бери түтөгөн таштанды полигону өчүрүлүп, тазаланып жана бир тартипке келтирилбесе болбойт!» — деп жазды ал.
Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБге профилактикалык сүйлөшүүгө жеткирилмек, бирок ал милиция...
Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап,...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү...