Бейшемби, 10.07.2025
Бишкек booked.net
+17...+23° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Бишкекке 145 жыл. Садыр Жапаров борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады

10:48 29.04.2023
0
Бишкекке 145 жыл. Садыр Жапаров борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борборубуз өлкөбүз эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий түрдө ээ болгону баарыбызга жакшы маалым.

Совет мезгилинде баш калаабыз бардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, “жашыл шаар” макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө “мрамор шаар” аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин дагы аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилеп айтып кетпесек болбос.

Ошентип 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды.

Ушу тапта Бишкек шаары Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарандарыбызды кайра-кайра келүүгө дегдеткен сүйүктүү шаары, аяк басып, астанасын аттаган меймандарды жайда салкын, кышта жылуу абасы менен арбаган жагымдуу жайы болуп калды.

“Туулган жер ата-бабалардан калган олжо эмес, ал – биздин балдарыбызга өткөрүп бере турган ыйык карыз” деген акылман кепке кулак төшөй турган болсок, ата-бабаларыбыз бизге өткөргөн мурасты – туулган жерди, айрыкча, анын борбор шаары Бишкекти биз дагы кийинки муунга “жашыл шаар”, “мрамор шаар” бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз!

Мына ошондуктан, шаарыбыздын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани беришибиз абзел.

Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ошондой эле шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылууда. Ушундай ыргактан жазбай, кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды

Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды

Автор Эдита Ильясова
16:24 10.07.2025
0

Бүгүн, 10-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон Кыргызстандык...

Ош шаарынын суу каптаган көчөлөрүн текшерип жүргөн мэрдин видеосу тарады

Ош шаарынын суу каптаган көчөлөрүн текшерип жүргөн мэрдин видеосу тарады

Автор Эдита Ильясова
15:49 10.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев каттуу жаандын айынан суу каптаган көчөлөрдү кыдырып жүргөн видео тарады. Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош...

Кара-Балта дарыясынын жээгинен ок атуучу куралдар табылды (видео)

Кара-Балта дарыясынын жээгинен ок атуучу куралдар табылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
15:11 10.07.2025
0

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык ок атуучу куралдардын катылган жери табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун...

Жаандан улам Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптады (видео)

Жаандан улам Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптады (видео)

Автор Эдита Ильясова
14:53 10.07.2025
0

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптады. Соцтармак колдонуучулары видео менен бөлүшүп жатышат. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/07/aqolh_mt_jezw5x9x1u9qf50v89m7ph3fsstijbh0jsexitbstfseihco3ajqak5fq5.mp4

Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду

Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду

Автор Эдита Ильясова
14:23 10.07.2025
0

Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районунун...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

18:01 09.07.2025
Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасынын 55 миллион долларлык байлыгы табылганын билдирди

Ташиев Салык кызматынын мурдагы төрагасынын 55 миллион долларлык байлыгы табылганын билдирди

09:37 10.07.2025
Мушкер Канат Келдибеков: «Адамга сыноо берилет экен, азыр сыноодон өтүп жатам»

Мушкер Канат Келдибеков: "Адамга сыноо берилет экен, азыр сыноодон өтүп жатам"

11:48 10.07.2025
Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды

Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды

16:24 10.07.2025
Ош шаарынын суу каптаган көчөлөрүн текшерип жүргөн мэрдин видеосу тарады

Ош шаарынын суу каптаган көчөлөрүн текшерип жүргөн мэрдин видеосу тарады

15:49 10.07.2025
Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттан чыккан өрттөн бир адам ууланды

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттан чыккан өрттөн бир адам ууланды

15:24 10.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү