Шейшемби, 29.07.2025
Бишкек booked.net
+21...+34° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жапаров Орусияда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты

16:16 08.05.2023
0
Жапаров Орусияда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты

Ржев шаарында кечээ, 7-майда Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты.

Президент Садыр Жапаров жана Орусия Мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти.

Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Мемориалдын курулушуна кеткен чыгым Кыргызстандын элдик каражатынан да сарпталган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул шаарга келиши Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон кыргызстандык мекендештерге арналган мемориалдык эстеликтин ачылышына байланыштуу экенин белгиледи. Дал ушул жерде 1945-жылдын майындагы жалпы Жеңиштин өзөгү калыптанып, ширетилген эң ири жана кандуу салгылашуулар орун алган.

“Биздин эр жүрөк кыргызстандык жоокерлерибиз, каардуу жана кара мүртөз душманга каршы жан аябастан эр жүрөктүк менен салгылашып, өз мекенин коргоп калышкан. Согуштун оор деми тийбеген үй-бүлө жок. 9-май Кыргызстанда ар дайым болгон, бар жана боло берет, анткени Эстөө – баарыбыз үчүн бир жана ыйык. Анын кандайдыр бир чеги же улуту болбойт, ошондой эле кандайдыр бир факторлорго көз каранды болбошу керек”, — деди президент.

Садыр Жапаров жалпы Жеңишке мекендештердин кошкон салымын белгилеп, айрым цифраларды, фактыларды келтирди. Алсак, согушка 400 миңге жакын кыргызстандык, же ар бир төртүнчү бойго жеткен мекендешибиз чакырылган. 130 миңден ашык адам согуш талаасынан кайтпай калган. Көрсөткөн эрдиктери жана каармандыктары үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык аскердик ордендер менен сыйланган, анын ичинен 74 Советтер Союзунун Баатыры, 21 жоокер үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган.

“Кыргызстандыктар фронттордо эрдик менен гана салгылашпастан, оорукта дагы зор салым кошушкан. Кыргызстанга ондогон ири заводдор эвакуацияланган. Бул заводдордо жана фабрикаларда жалпы жеңишти камсыз кылуу үчүн тынымсыз аракеттер көрүлгөн”, — деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров каза болгондордун ысымдарын кайтарып, урпактарына, жакындарына үмүт, сыймык тартуулап жаткан издөөчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, алардын эрдиктери жана курмандыктары Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин эсинде жалпы Жеңишке кошкон баатырдык салым катары кала берерин белгиледи.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

Автор Эдита Ильясова
10:52 29.07.2025
0

15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет. Бул жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка караганда, интернетти...

Ош мэри сейил бактагы дааратканада иштеген энеге үй берди (видео)

Ош мэри сейил бактагы дааратканада иштеген энеге үй берди (видео)

Автор Эдита Ильясова
10:38 29.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев эс алуу багында 20 жылга жакын убакыт жашаган энени үйлүү кылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан...

Кыргыз ютуберлери YouTube’дан акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышты

Кыргыз ютуберлери YouTube’дан акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышты

Автор Эдита Ильясова
10:27 29.07.2025
0

Кыргызстандын тургуну Аскар Турдугулов (Оскар Райс), ошондой эле YouTube платформасынын активдүү колдонуучулары видеохостинг сайтынын администрациясына кыргызстандык авторлор үчүн видеоконтенттен акча...

Колуна гүл көтөрүп, суунун үстүнөн зым менен өтүп бара жаткан аялдын видеосу тарады

Колуна гүл көтөрүп, суунун үстүнөн зым менен өтүп бара жаткан аялдын видеосу тарады

Автор Эдита Ильясова
10:16 29.07.2025
0

Соцтармакта колуна гүл көтөрүп, суунун үстүнөн асылган зым менен өтүп бара жаткан аялдын видеосу тарап, талкуу жаратты. Видеодон аялдын суунун...

Аида Салянованын кызы Борбор Азиянын шахмат боюнча биринчилигинде 3-орун алды

Аида Салянованын кызы Борбор Азиянын шахмат боюнча биринчилигинде 3-орун алды

Автор Эдита Ильясова
09:44 29.07.2025
0

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын кызы шахмат боюнча Борбор Азиянын 5 мамлекетинин арасында өткөн чемпиондугунда 3-орун алды. Бул тууралуу ал...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ысык-Көлдө кайык менен жээктен алыстап кеткен 5 жаран караңгыда табылды

Ысык-Көлдө кайык менен жээктен алыстап кеткен 5 жаран караңгыда табылды

14:19 28.07.2025
Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жаткан ата-эне 3 жашар баласын таппай калган (видео)

Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып жаткан ата-эне 3 жашар баласын таппай калган (видео)

16:40 28.07.2025
2014-жылы Ош-Бишкек жолунда ок чыгарып, адам өлтүрүүгө шектүү Түркияда кармалды

2014-жылы Ош-Бишкек жолунда ок чыгарып, адам өлтүрүүгө шектүү Түркияда кармалды

15:03 28.07.2025
15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет

10:52 29.07.2025
Ош мэри сейил бактагы дааратканада иштеген энеге үй берди (видео)

Ош мэри сейил бактагы дааратканада иштеген энеге үй берди (видео)

10:38 29.07.2025
Кыргыз ютуберлери YouTube’дан акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышты

Кыргыз ютуберлери YouTube'дан акча табуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранышты

10:27 29.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү