Бишкектин Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-2 айылында газ жарылып кырсык катталды. Анын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бир бала жараат алган. Тургундардын айтымында, кырсык бүгүн 11-февраль күнү саат 14:00до болгон. Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы жакын үйлөргө кедергисин тийгизген. Учурда жараат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Жакын жашаган тургундардын айтуусунда, жарылып кеткен үйдө апасы эки баласы менен жашачу. Жарылуу катуу болгондуктан 10 чакты үйдүн дубалдарына жарака кетип, терезелери сынып кеткен. Түп орду менен урап калган бул турак жайда жарылуу эмне себептен экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
75 жаштагы апа менен кызынын үй талашы. “Көчөдө калганы турам” дейт эне
Интернетте “апасы менен кызы кыймылсыз мүлк талашып жатат” деген видео тараган. Видеодогу 75 жаштагы Авазхан Тангатарова SEREPTV’га “Бул үйдү жалгыз...