Шейшемби, 05.08.2025
Бишкек booked.net
+19...+32° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөшүштү?

11:14 18.05.2023
0
Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөшүштү?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуунун алдында Садыр Жапаровду Ардактуу кароол ротасы салтанаттуу түрдө тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери учурашып, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектеринин алдында сүрөткө түшкөндөн кийин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Кыргыз-кытай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлор талкууланды.

Кытай төрагасы президент Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгиледи. Си Цзиньпин Садыр Жапаров менен буга чейинки жолугушууларын, анын жыйынтыгында маанилүү макулдашууларга жетишилип, эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү долбоорлору ырааттуу ишке ашырылып жатканын эске салды. Си Цзиньпин ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин билдирди. Ошону менен бирге мамлекет башчысынын жетекчилиги астында Кыргызстан социалдык-экономикалык бийик натыйжаларга жетишип жатканын баса белгилеп, кыргыз эли президент Садыр Жапаровду жогору баалап жатканына токтолду.

КЭР төрагасы “Кытай – Борбор Азия” саммити тууралуу айтып жатып, ал маанилүү этап болуп калаарына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасады. «Биз кызматташтыктын ушул форматын бекемдешибиз керек», — деди Си Цзиньпин. Баарлашуунун жүрүшүндө ал ошондой эле биргелешкен кызматташуунун негизги багыттарын — өз ара соода жүгүртүүнү арттыруу, соода-экономикалык кызматташтык программаларын ишке ашыруу, түз авиакаттамдарды көбөйтүү, аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү, укук коргоо органдары аркылуу тажрыйба алмашууларды бекемдөө, салттуу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу, гидроэнергетика жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи. Кытайдын төрагасы ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айтты.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Кытайга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө жана “Борбор Азия – Кытай” саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы КЭР төрагасын жана бүткүл кытай элин Кытайдын Коммунисттик партиясынын 20-съездин, «эки сессиясын» ийгиликтүү өткөрүп, ККПнын БКнын Башкы катчысы, Кытай төрагасы жана КЭР Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

“Кытай сиздин акылман жетекчилигиңиз астында саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө шыктандырган жаңы ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн жогорку кадыр-баркын мындан да бекемдейт деп ишенем. Бул сапар биздин мамлекеттер аралык мамилелерибизди тереңдетүүгө жана аны жаңы жогорку сапаттык деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүүгө олуттуу түрткү берет деп күтөбүз”, — деп белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын боло турган “Борбор Азия – Кытай” саммитинен үмүтү чоң экенин баса белгиледи. Бул диалог аянтчасы регион үчүн актуалдуу жана бардык алты мамлекетти кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн, талкуулоонун жана чечимдерди кабыл алуунун маанилүү механизми болуп саналат. «Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жок. Биз бири-бирибизге эң актуалдуу, абдан маанилүү маселелер боюнча колдоо көрсөтөбүз. Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен баса белгиледи. Өз ара сооданын, кытай тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүнүн динамикалуу өсүшү байкалууда. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда чет элдик инвесторлор менен ишкерлердин бизнес жүргүзүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон аракеттер жасалып жатканына өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысы кыргыз тараптын соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндө, билим берүү, каржы, электрондук коммерция, маданий-гуманитардык тармактар жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров КЭР төрагасы Си Цзиньпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Лидерлер эки тарапты кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашты.

 

1 / 7
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атада жолугушту

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атада жолугушту

Автор Эдита Ильясова
17:31 29.07.2025
1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык...

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулду

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:21 26.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары...

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
15:41 22.07.2025
0

Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды....

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президентинин Бишкекке келиши: 13 документке кол коюлду

Автор Эдита Ильясова
15:28 21.07.2025
0

Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл...

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Автор Эдита Ильясова
11:20 21.07.2025
0

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Каяктан мынча дүнүйө?». Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

"Каяктан мынча дүнүйө?". Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

13:53 04.08.2025
Ырчы Айыма Айылчиеванын кыз узатуу тою өттү

Ырчы Айыма Айылчиеванын кыз узатуу тою өттү

08:53 04.08.2025
670 килограмм героинди ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

670 килограмм героинди ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

12:02 04.08.2025
Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

18:23 04.08.2025
5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:07 04.08.2025
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

14:42 04.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү