Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видеону бөлүшүп жатышат.
«Бойго жетип калган чоң класстын окуучу кызын мугалимдер карап туруп, окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратууга болобу? Бул эмне деген маңкуртчулук, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Бойго жеткен кыздын намысы эмне болду, эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет? Бул Жалал-Абад облусу Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров мектеби. Кыз курбу кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу үчүн кыздын энеси келип ушундай жазалоого үндөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтүп кечирим суроого мажбур кылган. Бул окуя быйылкы жылдын февраль айында болгон», — деп жазды видеону бөлүшкөн жаран.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Эртең, 9-июлда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +17.. +22, күндүз +29...+34; Талас жергесинде түнкүсүн...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп түзөө, көрктөндүрүү иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти....
Социалдык тармактын колдонуучулары жер титирөөнү сезгенин жазышты. Жер титирөө болжол менен 15:30 чамасында болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын очогу...