Кечээ, 11-февраль күнү Американын Техас штатында 133 автоунаа кагышты. Анын кесепетинен 6 адам көз жумуп, 60ка жакын жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Техастагы Форт-Уорт шаарынын жолунда болгон. Анда кырсыкка кар жааган соң пайда болгон жолдогу муз себеп болгон.
Учурда жол кырсыгына кабылган унаалардын алдында калган көпчүлүк адам куткарылып, жолдун эки тарабы тең тосулуп, жергиликтүү кызматкерлери ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.