Түштүк Кореяда 26-майда «Asiana Airlines» учагынын эшиги Тэгу шаарына конуу алдында абада ачылып кеткен. Окуядан улам айрым жүргүнчүлөр эсин жоготкон.
Басылмалар жазган маалыматка ылайык, эшикти авариялык чыгуунун жанында отурган жүргүнчү ачкан. Учак эшиги ачык бойдон ийгиликтүү жерге конгон. Окуядан кийин жүргүнчү кармалып, ал полицияга жакында эле иштен айдалганы үчүн стрессте болгонун, аба жетпей жаткандай болгону үчүн учактан дароо чыккысы келгенин айтып түшүндүргөн.
Бул аралыкта окуя орун алган авиакомпания A321-200 учактарындагы авариялык чыгууда жайгашкан орундарга билет сатууну токтотту.
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...
Индияда бурчу 90 градус болгон көпүрө курулуп, аны колдонууга берилген. Аталган көпүрө үчүн бардык инженерлер иштен бошотулуп, курулуш компаниясы кара...