Мээрим Жуманазарова 11-апрелде Азия чемпиондугунда коло медаль үчүн күрөшүп, беттеште мурдунан жаракат алып, четтетилип калган. Андан соң Инстаграмдагы баракчасына сторис бөлүшүп, стористе «калыстар адилетсиз чечим чыгарды» деген аталышта видео жарыяланган. Ал эми Казак спортчусу Елена Шалыгина беттеш тууралуу комментарий берип жатып «Мен башым менен кокустан Мээримдин мурдуна тийип алдым. Ушундай болуп калды» деген.
Кыргыз футбол союзу FIFA Forward Awards сыйлыгына ээ болду
20-июнда АКШнын Майами шаарында улуттук футбол ассоциациялардын жетекчилери үчүн ФИФА Саммити өз ишин баштады. Бул иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин биринчи...