Канадада токой өрттөрү уланып жатканынан улам АКШнын бир канча шаарларын, анын ичинде Нью-Йорк менен Вашингтонду ток сары түтүн каптады. Кечээ, 7-июнда Нью-Йоркто аба булгануусунун эң начар көрсөткүчү катталды. Соцтармактарга тараган сүрөт жана видеолордон керек болсо, асман тиреген имараттар да көрүнбөйт.
1 / 6
-+
Нью-Йорк менен Вашингтондо мамлекеттик мектептерде окуу токтотулуп, Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс кырдаал курчуп кетиши мүмкүндүгүн айтты. Ошондой эле ал тургундарды муктаждык жок болсо, үйдөн чыкпоого чакырды. Эрик Адамстын айтымында, нью-йорктуктар мындайды башынан өткөрүп көргөн эмес.
Начало диалоговго окна. Кнопка Escape закроет или отменит окно
Конец диалогового окна.
Бул аралыкта Канададагы токой өртүнүн аянты 3,3 миллион гектарга жетти. Өлкөнүн өкмөт башчысы Жастин Трюдонун айтымында, 414 токой өртү чыгып, анын 239у көзөмөлдөн чыккан. 20 миңден ашуун адам эвакуацияланган.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...