СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылынын тургуну видео менен бөлүшүп, кечээ, 31-июлда болжол менен саат 21:00 чамасында сел жүргөнүн билдирди.
ӨКМден редакцияга маалыматты тастыкташты. «Такталган маалымат боюнча, саат 21:00 чамасында Балбай айыл аймагындагы Күрмөнтү айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, Чоң-Ордош, Жылаңач Булак коктуларынан келген сел суулары Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 180-183- чакырым аралыктарын каптап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан. Ошондой эле Балбай айыл аймагынын 6 гектар айдоо аянттарын каптаган. Жерине маалыматты тактоо максатында аким, райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана тазалоо иштерине №4 ЖТИден 1 бирдик бульдозер, МТЗ трактор тартылып, унаа жол толугу менен тазаланып, унаалар тоскоолдуксуз эки тараптуу өтүүдө. Ал эми айдоо аянттары боюнча маалыматтарды 1-август күнү тактоо иштери жүргүзүлөт»,- дешти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурман Ошто каналга агып бара жаткан куткарып калышкан видеону жөнөттү. Окурмандын маалыматына ылайык, 29-июль күнү Ош...
Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Баткен, Нарын облустарында...
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын...
Бишкек шаарында 5-августта жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат....
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 4-августта таңкы рейд учурунда прокуратура кызматкеринин үйүнө кирген. Короодо кымбат унаалардын турганын көрүүгө болот....