Гавайи штатында жайгашкан Мауи аралындагы токой өрттөн каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Каза болгондордун сөөгүн издөө иштери жаңы гана башталгандыктан, курман болгондордун саны дагы бир топ көбөйүшү мүмкүн. Куткаруучулар иттер менен күйгөн жерлердин болгону 3 пайызында гана издөө иштерин аякташкан.
Өрт кеминде 2200 имаратка зыян келтирген, алардын көбү үйлөр. Келтирилген зыян 6 миллиард долларга бааланууда. Учурда 4500дөй адам убактылуу жашоочу жайга муктаж.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...