Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталган материалдардын алкагында, күчтүү уулуу зат “Gurza – vipera Leberetna turaniga” ири партиясын сатуу аракети токтотулду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 грамм) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз жараны кармалды.
Жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларга чейин бааланат. Тергөө иштери жүрүп жатат.
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...