Социалдык тармактарда жол тескөөчүнү айдоочу терезесине кыпчыган видео жарыяланды. Айдоочу кызматкерди терезесине кыпчып артка, алдыга айдап, жерге түшүп калганда качып кеткен.
ЖКККББдан билдиришкендей, айдоочу кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
«Ош-Бишкек унаа жолунун 618-чакырымында Lexus үлгүсүндөгү авто унаанын 1986-жылы туулган айдоочусу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей кетип калган. Кызматкерлер токтобогон унааны кармоо үчүн, кийинки күзөттө турган кызматкерлерге маалымат берген. Жыйынтыгында, кызматкерлердин ыкчам чара көрүүлөрүнүн натыйжасында, 1986-жылы туулган айдоочу кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулуп, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 41 миң айып салынган. Ал эми айдоочусу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген», — дешти.
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...