Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалганы маалымдалды. Аны ИИМден сотко алып кетишип, бирок кандай себептен кармалганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.
Бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 24-октябрга чейин камакта калтырылды. Ал УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.
Мадумаровдун мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...
Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык мечиттерге бөлүнүп, Айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Бул майрам – боорукердик, кайрымдуулук, жоомарттык...