Марокконун падышасы Мухаммед VI жер титирөөнүн жыйынтыгында миңден ашуун киши каза болгонуна байланыштуу үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги соңку маалыматтар боюнча 1037 киши набыт болгонун билдиришти, бул сан дагы өсүшү мүмкүн.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат, азык-түлүк, чатыр жана төшөнчү таратылары маалымдалды.
Кечээ, 9-сентябрга караган түнү миллионго чукул калкы бар Марракештен 70 чакырым алыстыкта очогунда 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын залакасы 5 провинцияга тийди. Мындай катуу жер титирөө соңку 20 жыл ичиндеги алгачкысы экендиги айтылды.
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...
Индияда бурчу 90 градус болгон көпүрө курулуп, аны колдонууга берилген. Аталган көпүрө үчүн бардык инженерлер иштен бошотулуп, курулуш компаниясы кара...