Мындан 2 күн мурда SUPERTV телеканалы “Ачка калбайлы деп иттин этин жейбиз” деген 3 балалуу жубайлардын тагдырын чагылдырган видео материал жарыялаган.
Анда жубайлар иштөөгө ден соолугу жол бербей турганын айтышып, «ысык тамак бир жумада бир жолу жесек жедик, жебесек жок» дешип, кайрымдуу элден жардам сураган. Үй-бүлө башчысы мектеп курагындагы 2 баласы бар экенин айтып, акча жана кийим-кеченин жоктугунан балдарын окута албарын айткан. Ошондой эле учурда айына 5 миң сомдук батирде жашарын айтып, 2 айдан бери ижаранын акчасын төлөй албай жатканын, үйдүн ээси алардын абалын түшүнүп, кубалап жибербегенине ыраазычылыгын билдирген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине үй-бүлөгө президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин барып, алардан кабар алып, акчалай жардам бергени маалым болду.
Эртең, 9-июлда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +17.. +22, күндүз +29...+34; Талас жергесинде түнкүсүн...
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп түзөө, көрктөндүрүү иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти....
Социалдык тармактын колдонуучулары жер титирөөнү сезгенин жазышты. Жер титирөө болжол менен 15:30 чамасында болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын очогу...