Египетте акула кыздын колун жулуп алган окуя катталды. Бул тууралуу El Manshar маалымат агенттиги кабарлады.
Окуя Синай жарым аралындагы туристтик Дахаб шаарында болгон. Кыз сууда жүргөндө жээкке жакын сүзүп келген акула кол салган. Куткаруучулар кызды аман алып калууга үлгүршкөн. Бирок анын бир колун акула ийининен ылдый тиштеп, жулуп алган.
Окуяга күбө болгондордун бири кызды эс-учун жоготкон абалда алып кетишкенин билдирди. «Лагунадагы бардык кайыктар шиш менен акуланы эки сааттай кууп чыгышты. Мен анын кармалганына күмөнүм бар, балким аны жөн эле алыска айдап коюшту», — деген ал.
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...
Индияда бурчу 90 градус болгон көпүрө курулуп, аны колдонууга берилген. Аталган көпүрө үчүн бардык инженерлер иштен бошотулуп, курулуш компаниясы кара...