Кыргыздын сыймыктуу спортчу кызы, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Ат-Башы районундагы жаш спортчулары, күйөрмандары менен жолугушту.
Чемпионду район акими баштаган айыл аймактардан атайын келген жаш күйөрмандары салтанат менен тосуп алышты. Район башчысы Эмилбек Абдыкадыров спортчунун жеңиши менен куттуктап, ар бир жеңиши үчүн бүтүндөй кыргыз эли кубанып, сыймыктанып, суктанып келээрин, ошондой эле Айсулуунун ар бир кадамы, жеңиши келечек муунга үлгү болоорун баса белгилеп, райондо анын жолун жолдогон мыкты спортчулар көп чыгуусун каалады. Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып, желегин желбиреткен спортчуга Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылып, кол өнөрчүлөрдүн кол эмгегинен жасалган белек тапшырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар Айсулуу Тыныбекованын спортко келүүсү, жеңиштери, алдыдагы мелдешке даярдыктары, бала чагы, билими боюнча кызыктырган суроолоруна жооп алышса, айрымдары атайын кеңеш сурап өтүштү. Тыныбекова берилген бардык суроолорго жооп берип, кызыктуу, маанилүү суроолордун ээлерине чакан белектерин берсе, атайын колдоп келген күйөрмандарына кол тамгасы коюлган буклеттерин таратты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду. Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары Советтик...
15-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда...
Ысык-Көл облусундагы айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынгандыгы тууралуу кайрылууларга байланыштуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымат таратты. Ысык-Көл райондук...
Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында кечээ, 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү...
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки...