Бишкекте мечиттердин биринде 340 миң сом уурдалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучу Сагынбек уулу Арзымат билдирди.
Анын айтымында, окуя 30-сентябрда саат 19:00 чамасында «Аламүдүн» базарындагы мечитте шам намазы учурунда болгон. «Сумканы кире бериштеги текчеге коюп, төр жакка өтүп кеткем. Намаз окуп келип эле таппай калдым. Ичинде паспорт, банктык эсеп карталарым жана 340 миң сом акча бар болчу. Эки жыл чогулткан акчам болчу, унаа сатып алганы баратып, 5 мүнөткө мечитке намаз окуганы кире калгам», — дейт ал.
Жабырлануучу ошол замат милицияга кайрылган. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери келип, видео көзөмөлгө тартылган материалдарды алып кетишкен. Ал бир айдан ашуун убакыт өтсө да, кылмышкер табылбай жатканын, милиция кызматкерлери шектүүнүн аты-жөнүн аныкташканын, бирок өзү табылбай жатканын билдиргенин кошумчалады.
Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан турак жайларды курууда мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоого...
Таласта жасаган операциясы үчүн акча алууга шектүү дарыгер кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза...
Кечээ, 14-июль күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында 7 жаштагы баланы суудагы скутер сүзүп кеткен. Бул...
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок...