Казакстандык дзюдочу Айгерим Абилкадирова күзөтчүнү жерге чаап, 100 миллион көрүүгө ээ болду. Бул тууралуу «Орда» жазды.
Интернетте казакстандык дзюдочу Айгерим Абилкадирова ток-шоу учурунда күзөтчүнү жерге чапкан видео тарап жатат. Видеодон спортчу кыздын ММА мушкери Алпамыс Утеловдон“Инстаграмда мен жөнүндө эмне дедиң?” деп сураганын угууга болот. Мушкер “тишиң жөнүндө болсо керек” деп жооп берет. Жооп дзюдочуга жаккан жок. Ал мушкерге бөтөлкө ыргытып, аны көздөй бет алды. Кызды пресс-конференциянын катышуучулары жана күчөтчүлөр токтотууга аракет кылышкан. Кыз күзөтчүнү жерге чаап салган.
Анын катышуусу менен тартылган видео социалдык тармактарда трендге айланып, дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык көрүүнү чогулткан. Казак спортчусу өзүнүн чебер техникасы менен коомчулуктун көңүлүн бурду. Кыз буга чейин окуя боюнча комментарий берген. Анын айтымында, Алпамыс Утеловго жөн эле эмес, жүйөлүү себеп менен «асылган».
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...