Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Газа тилкесиндеги саламаттыкты сактоо системасынын оор абалы тууралуу айтты. Бул тууралуу Euronews жазды.
Тедрос Адханом Гебрейесус БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, Газада ар бир 10 мүнөттө бир бала каза болуп жатканын жана сектордун саламаттыкты сактоо системасы начар экенин айтты.
Уюмдун маалыматы боюнча, аймактагы 36 оорукананын жарымы жана баштапкы медициналык жардам көрсөтүү борборлорунун үчтөн экиси иштебей, калгандары өз мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча иштеп жатат.
«Мен Кеңеште күйүүчү майдын, тамак-аштын жана суунун жетишсиздиги жөнүндө билдирүүгө даяр болчумун. Бирок чынын айтсам, азыр бизди эң тынчсыздандырган нерсе — жаракат алгандардын жана оорулуулардын өмүрүнө келтирилген коркунуч», — деди Палестинанын Кызыл Жарым Ай коомунун жетекчиси.
25 жаштагы индиялык теннисчини өз атасы атып өлтүрдү. Анын кошуналары “Сен кызыңдын акчасына жашап жатасың” дей беришкен. Полициянын айтымында, атасы...
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...
Индияда бурчу 90 градус болгон көпүрө курулуп, аны колдонууга берилген. Аталган көпүрө үчүн бардык инженерлер иштен бошотулуп, курулуш компаниясы кара...