Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
15-ноябрда Бишкек шаарынын аймагында Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган тургуну кармалган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Өзбекстандын аймагында зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Маалыматтарга ылайык, жогорудагы жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...