Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы мектептин 7-класстын окуучулары тартылган деген видео тарады.
Видеодон 4 өспүрүмдүн унаа башкарып бара жатканын, ошондой эле сөгүнгөнүн угуп-көрүүгө болот. «Ай ата-энелер, бала керекпи силерге? Бирөөнү сүзүп же өзү оодарылып кетсе, бийликке кайрыласыңар», — деп жазат колдонуучу.
Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда, тактап жатышканын айтты. «Бул видео Кызыл-Кыя шаарында тартылган эмес экен. Муну азыр Ош облусунун Ноокат районундагы кызматкерлер тактап жатат. Маалымат такталганда бөлүшөбүз», — дешти.
Бишкек шаарында жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу социалдык тармактарда жүрүп жаткан талкууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү расмий...
Чолпон-Ата, Бостери шаарларындагы жергиликтүү тейлөө кызматын көрсөткөндөр - пляждарды күн чатырлары менен ээлеп алып, эс алуучуларга мажбурлап кымбат баада ижарага...
Мурунку Ленин көчөсүнүн аталышы Алымбек датка көчөсү болуп толук өзгөртүлүп бүттү. Тиешелүү кызмат тарабынан көчөнүн жаңы аталышынын тактайчалары алмаштырылды.
Бүгүн, 27-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштеринен кабар алды....
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги гимндин текстин жана музыкасын жаңылоого арналган ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отурумун өткөрдү. 16-июндан 17-июлга...