Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Терек-Жайлоо кыштагында 22-февралда жайытка кеткен боюнча үйүнө кайтып келбеген аял изделип жаткан. Кечээ, 26-февралда, кечке жуук анын сөөгү Жел-Арык жайытынан табылганын Чүй облустук милиция башкармалыгынан кабарлашты. Алдынала тергөө маалыматтарына караганда 32 жаштагы аял туманда адашып кетип, көпкө чейин ызгаар суукта жатып калганынан улам тоңуп каза тапкан. Артында 3 баласы калгандыгы маалым болду. Анын өлүмүнөн улам тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылды.
Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттан чыккан өрттөн бир адам ууланды
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...