17-декабрь күнү саат 10:30 чамасында Каракол-Түп жолунда, тактап айтканда, Михайловка айылына бурулган жерде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 9 жаран ар кандай жаракаттарды алып, облустук жана Түп райондук ооруканага жаткырылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Мазда-Хедос унаасынын 27 жаштагы айдоочусу Каракол шаарын көздөй бара жатып, жолдун тайгалагына байланыштуу каршы тилкеге чыгып кетип, Каракол-Балыкчы каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болушкан.
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...