Бүгүн күнгө жекшемби, 28-февраль. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик 5 ай, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 1 ай болду. Бул аралыкта ал мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен Орусияга барып келүүгө жетишти. Алдыда Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Кувейт жана башка өлкөлөргө чакыруулар күтүп турат. Бирок кеп бул тууралуу эмес. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде Садыр Жапаров өлкөдө болбогон эки күн ичинде көңүл бурган окуяларга саресеп салууну эп көрдүк.
Орозайым кимге турмушка чыгып жатат?
Саясатчы, экс-депутат Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчасында жакында турмушка чыгары тууралуу айтты. Саясатчы алгачкы ирет жеке жашоосу тууралуу маек берди....