26-январь күнү Нью-Делиде Индиянын улуттук майрамы — Республика күнүнө карата аскердик парад өттү.
Ага Франциянын чет өлкөлүк легионунун 150 офицери жана солдаты, ошондой эле Франциянын аскер-аба күчтөрүнүн «Рафале» согуштук учактары катышты. Параддын ардактуу коногу Индияга эки күндүк мамлекеттик сапар менен бир күн мурда келген Франциянын президенти Эммануэль Макрон болду.
Видеону көргөн социалдык тармактын колдонуучулары «муну көргөн каршылаштары кандай абалда болушат?», «булардын киносу эле эмес, парады да Болливуд турбайбы» деп тамашалап жазышууда.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...