Биз “Күйдүм чок” берүүсүнүн 2-чыгарылышын тарттык. Анда конокто колдоруна музыкалык аспаптарын кармап, ырчылар Рустам Сагыналиев, Ирлан Таалайбеков, Нурила, Канышай Сүйүнбай, Нурсултан Курманбеков жана куудул Талас Кашкариев болду. Кудум айылдын четиндеги отурушту элестеткен музыкалык берүүдө алар ырдап, ойноп, тамашалашып, башынан өткөн окуяларын айтып берип отурушту.
Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: “Мен жоолук салынсам, артист болбошум керек”
"Оорусаңыз таарынам” деп ырдаган ырчы Жумагүл Раимжан кызы менен маектештик. “Мурда жигиттердин жаш курагына карачумун. Чоңойгон сайын ой өзгөрөт экен....