Ысык-Көл, Нарынга кетип бараткандагы жолдо каттама менен самоордун чайын сатып, жан баккан соодагерлер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.
«Темир жолго жакыңсыңар» деп мыйзамга таяп, бизди кетирип жатышат. Ага деле баш ийдик. Мартка чейин дешкен, бирок чукул болуп калды. Кар жаап жатат, каякка барабыз? Айыл өкмөт жер беребиз деген, анын дайыны жок. Жер таап берсе, көчүп, салыш үчүн убакыт керек. Мартта алып салышса, бизде насыя бар, балдарыбыз окуйт, ипотека бар. Кантип төлөйбүз деп ойлонуп жатабыз. Убакыт берсеңер, күн жылысын. Айыл өкмөт жер берет деп күтүп жатабыз. Суу, жарык киргизүү керек да. Каякка барабыз?» — дейт чогулгандардын бири.
Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча каражаттарын опузалагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти....
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын алкагында “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган “Акылдуу аялдама”...
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-июлдан 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо...