Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
24-февралда жаран белгисиз адамга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 11-февраль күнү белгисиз адам Бейшеналиева менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун ичинен 93 миң сомду түзгөн товарын — аялдардын ич кийимин уурдап, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилди. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталууда. Тергөө иштери уланууда.
Бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов Ысык-Көлдө скутер менен баланы сүзүп кетишкенин маалымдады. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок иштебейт....
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...