Жогорку Кеңештин жыйындар залында кезектеги жыйыны орун алып, анда Конституциянын жаңы долбоору каралары айтылган. Жыйындын жүрүшүндө бир катар эл өкулдөрү Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө Баш мыйзамдын жаңы долбоору бооюнча суроолорду узатып жатышты. Эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун талкуулоо болбоорун өздөрү деле түшүнүшпөгөндөй элес калтырышты. Акыры Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эл өкүлдөрүнө кайрылып, алар Баш мыйзамды референдумга коюу боюнча гана суроолорду узата алышаарын билдирди. Баш мыйзамдын авторун издеген депутаттар талашып-тартышышты. Ал ортодо демилгечиликтен баш тарткандар да болду.