Таиландда агрессивдүү маймылдар менен күрөшүү үчүн полиция бөлүмү түзүлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Лопбури шаарында укук коргоо кызматкерлери 26-марттан бери 23 макаканы кармоого жетишти. Кептин баары маймылдар бир нече жылдан бери жергиликтүү тургундарды коркутуп келгенинде жатат. Өткөн жумада коопсуздук күчтөрү эркек маймылды кармашкан. Анын жанындагысы качып кетип, калган маймылдар катуу кыйкырып, аскерлер чочулап артка кайтышкан.
Провинциянын командиринин айтымында, полиция чыныгы ок-дарыларды колдонгон эмес. Патрулчулардын бири макака менен күрөшүү татаал иш экенин, бирок ал жарандарды коркуудан жана тажаткан маймылдардан коргоого даяр экенин мойнуна алды.
COVID-19 пандемиясынын учурунда адамдардын мээси тез картайган. Бул адам коронавирус менен ооруганбы же жокпу маанилүү эмес. Британиялык окумуштуулардын ишинин жыйынтыгы Nature...
Казакстанда Biz Birgemiz Qazaqstan кайрымдуулук фондунун жетекчиси Перизат Кайратка карата сот чечими чыкты. Ал он жылга, анын апасы Гайни Алашбаева...