2021-жылы журналист Ыдырыс Исаковдун каналында видеоматериал жарык көрүп, анда суроого жооп берип жаткан кишинин “Гаңгирбашпы булар?” деген сөзү кеңири тараган. Ал видеону көпчүлүгүңүздөр эле көрсөңүздөр керек. Видеодогу адамдын аты Азат Абдраимов. Бул ирет дал ошол интернетте популярдуу болгон сөздү айткан Азат мырза менен тааныштырабыз.
Жасалма мед.техника жана акыйкат үчүн күрөш
Бул иликтөөдө биз ден соолукка байланыштуу, тагыраагы өлкөдөгү айрым ооруканалдагы айрым медициналык аппараттардын чоо-жайы тууралуу кеп кылабыз. Берүүнүн жүрүшүндө тендер...