Лейлек милициясы 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
10-апрель Орозо айт күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10 миң рубль жана 3 миң сомун жоготуп коюп, 11-апрель күнү базарда кызмат өтөгөн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө кайрылат.
Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ошол замат иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берип ыраазычылыгын алды.
Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБге профилактикалык сүйлөшүүгө жеткирилмек, бирок ал милиция...
Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап,...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү...