Ишемби, 07.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+29° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду

10:19 28.04.2024
0
Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондорду эскерүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Урматтуу мекендештер! Далай кыйын кезеңдерди башынан кечирген Баткендин баатыр эли 2021-2022-жылдардагы каргашалуу күндөрдө кайратынан жазбай, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн тикесинен тик туруп беришти. Бул оор сыноо жалаң эле баткендиктердин эмес, жалпы кыргызстандыктардын биримдигин бекемдеп, кайратын бүлөдү.

Ошол оор учурда жамы журтубуз баткендик бир боорлорду жалгыз калтырбай, аза-кайгысын тең бөлүшүп, эч нерсесин аяган жок. Жеңилин жерден, оорун колдон алды. Эл-журтубуздун кыйынчылыктарда мүңкүрөбөгөн, чөкпөгөн ушундай асыл сапаттарына мамлекет жетекчиси катары да, жөнөкөй адам катары да башымды ийип, таазим этемин!

Башыбызга оор сыноо түшүп турган кездеги эр жүрөк азаматтарыбыздын каармандыгы менен эрдигин биз, бизден кийинки муун дагы эсинен чыгарбайт деп ишенимдүү айта алам. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биринчи кагылышуудан кийин Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алдык.

Анын негизинде Баткен облусун 2022-2035-жылдарга өнүктүрүүгө багытталган “Жол картасы” программасы иштелип чыгып, ага ылайык аталган облуска республикалык бюджеттен жылына 500 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, максаттуу иштетиле баштады. Учурда облустун аймагында, анын ичинде жабыркаган айылдарда көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылып, элибиздин эртеңки күнгө, келечекке болгон ишеними артты.

Куралдуу күчтөрүбүздү аскердик-техникалык жактан, аскер кызматкерлерин болсо социалдык жактан камсыз кылуубуз аскер кызматын өтөөгө умтулган мекенчил жаштарыбыздын санынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

Урматтуу мекендештер! Учурда кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүү боюнча эки тараптуу мамлекеттик комиссиянын ишинде бир катар алгылыктуу жылыштар болуп жатат. Биз чек ара маселелерин сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө кызыкдар экендигибизди дагы бир ирет баса белгилейм.

Мамлекеттик чек арабызда эки ирет кайталанган каргашалуу окуяларда ар бир кыргызстандыктын жүрөгү сыздаган. Ошондуктан өлкө жетекчилиги алдын алуу иштерине абдан чоң көңүл буруп, жайкын турмуштагы жарандарыбыздын бейпилдиги үчүн бар күч-аракетин жумшайт. Ата Мекенибиздин асманы ар дайым ачык болсун! Эл-журтубузда тынчтык болуп, өнүгүп-өсүп өркүндөй берсин!”.

2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, 36 кыргызстандык каза болгон.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:25 06.06.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:13 06.06.2025
0

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:02 06.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....

Айт намазы учурунда жол тыгынына жана жол кырсыктарына жол берилген жок

Айт намазы учурунда жол тыгынына жана жол кырсыктарына жол берилген жок

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:50 06.06.2025
0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык мечиттерге бөлүнүп, Айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын...

«Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деген ар бир Кыргыз жаранына өзгөчө көңүл бурабыз». Садыр Жапаровдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу

«Кыргызстанды “Ата Мекеним!” деген ар бир Кыргыз жаранына өзгөчө көңүл бурабыз». Садыр Жапаровдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:36 06.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Бул майрам – боорукердик, кайрымдуулук, жоомарттык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү