Бейшемби, 10.07.2025
Бишкек booked.net
+16...+23° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Жеңишке жетүүдө Кыргыз жарандарынын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз». Садыр Жапаровдун куттуктоосу

11:07 09.05.2024
0
«Жеңишке жетүүдө Кыргыз жарандарынын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз». Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Фашисттик баскынчыларга каршы Улуу Ата Мекендик согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя. Мына ошондуктан 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнүн мааниси зор. Айрыкча, бир туугандай бир катарда туруп, душманга каармандык менен бетме-бет чыккан элдер үчүн бул дата ɵтɵ маанилүү. Адам чыдагыс кыйынчылыктар, ачарчылык коштогон азап-тозоктор менен дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки улуу Жеңиштин келишине Кыргызстан да өзгөчө зор салым кошту.

Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салып, согуш жарыялагандан кийин Кыргызстан бир тууган боордош элдердей эле 360 миңден ашуун уул-кызын согушка аттандырган. Бул ошол кезде өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу согушка кеткен деген сөз. Мындан сырткары, 30 миңден ашык кыргызстандык өлкөдөн сырткаркы аскер өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн. Согуштун оор жылдарында оорукта калгандардын баары – кары дебей, жаш дебей күнү-түнү тыным албай эмгектенип, жеңиштин камсыз болушуна эбегейсиз жардам беришкен.

Бул Жеңиш биз үчүн оңойго турган жок, жүз миңдеген жарандарыбыз майдан талаасынан кайтпай калды. Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу Жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында “Даңк” орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз. Үйдө калган жубайына, уул-кыздарына, күтүүдөн саргайган ата-энелерине кайтпай калган жоокерлерге, Ата Журтун жанынан артык көргөн жана Мекен деп жанын берген бардык маркумдарга башыбызды ийип, таазим кылабыз! Ал эми согуш жылдарында ооруктагы элибиздин түйшүктүү эмгеги майтарылгыс эрктин, кажыбас кайраттын эң жогорку үлгүсү болуп кала берет.

Мезгил закымдап учуп, жылдан жылга ошол кан күйгөн согушка катышкандардын, оорук эмгекчилеринин саны азаюуда. “Карысы бардын – ырысы бар” деп бекеринен айтылбаса керек, согуш ардагерлери менен оорук эмгекчилери – оозунда нускалуу кеби бар аксакалдуу карыяларыбыз эле эмес, катаал мезгилде далай татаал учурларды башынан кечирип, бир эле Кыргызстанга эмес, бүткүл совет элине тынчтык тартуулаган биздин сыймыгыбыз! Эрдиги менен каармандыгы кылымдан-кылымга, муундан-муундарга үлгү катары айтыла берчү жалпы согуш ардагерлерин, оорук эмгекчилерин сыйлап алууга күчүбүз да, кудуретибиз да, эркибиз да жетет.

Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, молчулук, токчулук болуп, элибизди ынтымак ыроолоп, асманыбыз ар дайым ачык болсун. Улуу Жеңиш күнү кут болсун!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

Автор Эдита Ильясова
18:01 09.07.2025
0

Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал Свердлов РИИБге профилактикалык сүйлөшүүгө жеткирилмек, бирок ал милиция...

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:47 09.07.2025
0

Эртең, 10-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап,...

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Автор Эдита Ильясова
17:19 09.07.2025
0

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу аныкталды. Mercedes Benz Wito унаасынын ээси мамлекетке 112 миң...

Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүү жүргүздү

Автор Эдита Ильясова
16:29 09.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү...

Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

Тоңдо көл үстүндө пирс куруп жаткан 8 жумушчуну шамал айдап кеткен (сүрөт)

Автор Эдита Ильясова
15:47 09.07.2025
0

Кечээ, 8-июль күнү саат 16:30да Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кажы-Сай айылындагы пансионаттын пирсин куруп жаткан 8 жумушчу көл үстүндө понтон...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

18:01 09.07.2025
Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

12:08 09.07.2025
«Бут кийимдин боосу менен муунтушкан». Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

"Бут кийимдин боосу менен муунтушкан". Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

09:22 09.07.2025
Нурлан Мотуев кармалды

Нурлан Мотуев кармалды

18:01 09.07.2025
10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:47 09.07.2025
Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

Ысык-Көлдө жол эрежесин 138 жолу бузуп, айып пулун төлөбөй жүргөн айдоочу табылды

17:19 09.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү