Шейшемби, 15.07.2025
Бишкек booked.net
+21...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Күндүн сүрөтү: Жеңиш аянтында ардагерди коштогон төрага

14:31 09.05.2024
0
Күндүн сүрөтү: Жеңиш аянтында ардагерди коштогон төрага

Бүгүн, 9-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Ошондой эле салтанатта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, ардагерлер, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду.

Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди. Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгилеп: «Аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн. Жалпысынын согушка 360 миңдей мекендешибиз аттанган”, – деди.

Муну менен катар Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Талгат Бегелдинов, Калыйнур Үсөнбеков, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Григорий Шемякин өңдүү баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айткан төрага: “Албетте, согуш майдан талаасында гана болгон эмес. Орукта да оор турмуш өкүм сүрүп, карылар, кыз-келиндер жана жаш балдар күнү-түнү эмгектенишкен. Кыргызстанга көчүрүлүп келген көптөгөн өнөр-жай ишканаларына жергиликтүү эл жумушка тартылып, кыска убакыт аралыгында фронт үчүн керектүү продукциялар өндүрүлүп баштаган”, – деп кошумчалады.

Андан тышкары, кыргызстандык жоокерлер Ленинград шаарын бошотууга активдүү катышып, кан күйгөн согушта каармандык менен душмандарга каршы күрөшкөнүн айткан Нурланбек Шакиев: “Биздин боорукер, меймандос элибиз согуш маалында Кыргызстанга баш калкалап келген 300 миңдей адамды батырып, өгөйлөбөй өз боорлоруна тарткан. Айрыкча жаш балдарды өз баласындай асырашкан. Алсак, согуштун алгачкы жылдары эле 41 балдар үйү Кыргызстанга көчүрүлүп, 3 жарым миңдей бала Ала Тоого алынып келинген. Анын ичинен Ленинград блокадасында калган 150дөй баланы 16 жаштагы Токтогон Алтыбасарова аттуу апабыз өз карамагына алып, бакканын сыймыктануу менен эскеребиз”, – деди.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш дүйнө тарыхындагы эң кандуу жана адамзатка чоң сабак болчу окуя экенин билдирген Жогорку Кеңештин төрагасы: “Тилекке каршы, жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана оруктагы эмгектин ардагерлеринин катары жыл санап азаюуда. Биз ошол кандуу согушка катышкандарга, орукта күнү-түнү иштеп, эмгек кылгандарга, акыркы ырыскысын да фронтко жөнөтүп, үмүт менен жашаган ошол учурдун каармандарына таазим этебиз. Согушка катышкан ардагерлерибизди баатырлар деп санасак, орукта кызмат кылып, согуштун азабын тарткан ар бир мекендештерибизди Улуу Ата Мекендик согуштун каармандары деп аташыбыз керек”, – деп баса белгиледи.

Сөзүнүн соңунда ардагерлерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тиледи. Андан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында Нурланбек Шакиев баштаган жетекчилер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик тамактан ооз тийишти.

 

1 / 10
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:47 14.07.2025
0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду. Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары Советтик...

Ысык-Көл жана Нарында сел жүрүшү күтүлөт

Ысык-Көл жана Нарында сел жүрүшү күтүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:01 14.07.2025
0

15-16-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда...

Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынып жатабы? Өкүлчүлүктүн жообу

Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынып жатабы? Өкүлчүлүктүн жообу

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:52 14.07.2025
0

Ысык-Көл облусундагы айрым пансионаттарда пирске кирүү үчүн акы алынгандыгы тууралуу кайрылууларга байланыштуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү маалымат таратты. Ысык-Көл райондук...

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:01 14.07.2025
0

Ош шаарындагы Озгур айылынан агып өткөн Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы адамды издөөнүн натыйжасында кечээ, 13-июлда куткаруучулар тарабынан сөөгү...

Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо: мэр иштин темпин күчөтүүнү тапшырды

Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо: мэр иштин темпин күчөтүүнү тапшырды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:34 14.07.2025
0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө Айтматов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

12:59 14.07.2025
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

16:47 14.07.2025
Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

11:01 14.07.2025
Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

21:47 14.07.2025
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

21:17 14.07.2025
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

16:47 14.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү