19-майда Ирандын президенти Ибрагим Раиси авиакырсыкта каза болгон. Аны менен коштошууга миңдеген адамдар келип жатканы жана кезек бир канча чакырымга уланганы тартылган фото-видеолор жарыяланып жатат.
Ирандын президентинин табыты өлкөнүн бир нече шаар жана провинциясында болуп, бүгүн, 22-майда коштошуу зыйнаты борбор калаа Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусунда өткөнү жатат. Кийин сөөгү президенттин туулган шаарына жеткирилип, эртең, 23-майда жерге берилет.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...