Кечээ, 25-май күнү саат 16:00 чамасында жааган нөшөрлүү жаандан улам Лейлек районунун Раззаков шаарынын Ак-Булак айылында, Сумбула, Ак-Суу айыл аймагына да сел суулары келген. Сел суулары негизинен сел өткөрүүчү сайдын нугу менен келип, 2 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө, ички чарбалык жол жана арыктарга кирген.
Бишкектеги үйлөрдүн биринде аялдарга жашыруун сабак өткөндөр кармалды
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...