Пияздын өздүк наркы 1 килограммы 12-13 сомдон болуп жаткандыгын дыйкандар айтышты. Мисалы Орусияда пияздын 1 килограмм баасы орточо 26 рубль болуп жатса, логистикалык чыгымдар Орусияга жеткирүү үчүн орточо 18 сомго чейин болгондуктан экспорттоочулар чыгымга учурап калышууда. Аталган маселени чечүүгө жардам берүү боюнча пияз экспорттоочулар министрликке кайрылышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине пиязды экспорттоодо логистикалык чыгымдарга жардам берүү боюнча тапшырма берилди.
Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду. Ал 1948-жылы 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган. 1969-1971-жылдары Советтик...