Орусиялык алып баруучу жана ырчы Ольга Бузова 1-июнда Уфада өткөн Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чарада жарым-жылаңач сахнага чыкканы үчүн сынга алынып жатат. Анын үстүнөн түшкөн арыз Башкириянын Тергө комитетинде иликтенүүдө.
Атактуу айым катышкан концерттин уюштуруучулары 13 миңдей билет сатышкан, анын жарымынан көбү балдар түзөт. Иш-чара коммерциялык негизде өткөнү үчүн жергиликтүү бийлик катышуучулардын тизмесин түзгөн эместиги маалымдалууда.
Ольга Бузова жогорудагы окуя боюнча үн ката элек. Ал Уфанын мэри менен болгон жолугушуусунан видео жарыялап, бийлик өкүлү ырчыга жана анын командасына ыраазычылык билдиргенин айткан.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...