Жекшемби, 08.06.2025
Бишкек booked.net
+16...+30° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Шакиев Жалал-Абаддагы иш сапарын Ала-Букадан баштады

14:11 14.06.2024
0
Шакиев Жалал-Абаддагы иш сапарын Ала-Букадан баштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Ала-Бука районунан башталды.

Алгач төрага Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун курулушу менен таанышып, анда жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде көрдү. 100 чакырымды түзгөн бул жолдун курулушу кийинки жылдын июль айында бүткөрүлөрү күтүлүүдө. Президенттин көзөмөлү менен жасалып жаткан иштерге жалпы 4 миллиард 646 миллион сомго кетери болжолдонгон. 4-категорияда салына турган жолдун 50 чакырымы быйыл бүтөт. Азыркы тапта 250 жумушчу жана 90 техника иш алып барууда. Андан соң төрага жергиликтүү эл менен жолугушуп, ушундай долбоорлор республиканын бардык аймагында ишке ашырылып жатканын белгиледи: “Айрыкча облус аралык жана райондор ортосундагы жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, айылдагы ички каттамдарды да жакшыртуу аракети көрүлүүдө. 100 чакырымды түзгөн бул жол бүткөрүлгөндөн кийин Каныш-Кыяга чейинки каттам да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт”, — деди.

Муну менен катар аба ырайынын туруксуздугунан улам өлкө аймагында сел тобокелдиктери күч алгандыгын жана акыркы айларда эле 180дей сел катталгандыгын айткан Нурланбек Шакиев: “Мына ошондой өзгөчө кырдаалдарды мамлекетибиз ыкчам жөнгө сала алды. Бул өлкөбүздүн кубаттуу мамлекетке айланып бара жаткандыгынын далили. Өзүбүз алган техникалык каражаттар пайдасын тийгизип, оор кесепеттердин алдын алууга жетиштик. Бардык тармактарды өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат. Жакынкы аралыкта эле 450дөй заманбап техника келери күтүлүүдө”, — деди. Андан тышкары, социалдык багытта да алгылыктуу иштер жасалып жатканына токтолгон төрага айлык маяна, пенсия жана башка төлөмдөрдүн жогорулаганын эске салды.

Төраганы депутат Азизбек Турсунбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

 

1 / 3
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:51 07.06.2025
0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:43 07.06.2025
0

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:25 06.06.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Айт намазга барган Оштун мэри сүрөткө чогуу түшкүсү келгендердин курчоосунда калды. Видео

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:13 06.06.2025
0

Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:02 06.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат"

13:43 07.06.2025
Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

13:51 07.06.2025
Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

13:51 07.06.2025
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат"

13:43 07.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү