Ишемби, 12.07.2025
Бишкек booked.net
+17...+32° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Эки жылда 241 миң мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди». Шакиев тигүү фабрикасынын ачылышына катышты

17:22 14.06.2024
0
«Эки жылда 241 миң мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди». Шакиев тигүү фабрикасынын ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары Чаткал районунда уланды. Алгач төрага Сумсар айылында курулган “Селя” тигүү фабрикасынын ачылышына катышты. Ачылыш аземинде өлкөдө ишке ашырылып жактан реформалар тууралуу кеп кылган Нурланбек Шакиев мамлекеттин жана жаратман жарандардын аракети менен көптөгөн өндүрүштүк жайлар ачылып жатканын мисал кылды.

“Бул жарандарыбыздын өз мекенинде иштөөсүнө өбөлгө түзүп, миграциялык агымды азайтууга түрткү берүүдө. Ал тургай чет жерден мекенине кайткан жарандарыбыздын саны күн сайын көбөйүп, акыркы эле эки жылда 241 миң мекендешибиз Кыргызстанга кайтып келди”, – деди төрага.

Ошондой эле борбордон алыс жайгашкан айылда тигүү фабрикасынын ачылып жатканына жогору баасын берген Нурланбек Шакиев: “Асель Атабекова аттуу ишкер айымыбыздын демилгеси менен кыска убакыт аралыгында жараксыз абалга келген жай өндүрүштүк фабрикага айланганын көрүп кубанып жатабыз. Бул ишкана Сумсардын элин жумуш менен гана камсыздабастан, жергиликтүү бюджетти көтөрүүгө да көмөкчү болот. Ал эми аймактардагы ушундай жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Андыктан, фабриканын ишине ийгиликтерди каалап, башка айылдарда да өндүрүштүк ишканалар ачылсын деген тилегимди билдирем”, – деди.

Мындан тышкары, төрага фабриканын курулушуна каржылык колдоо көрсөткөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиковго кайрылып: “Жалаң эле Бишкек, Ош өңдүү ири шаарлардагы долбоорлорго гана көмөк көрсөтпөстөн, элет жерине да көңүл бурулушу керек. Анткени, калкыбыздын 65%дан ашууну айыл жеринде жашайт. Аларды иш менен камсыздоо үчүн жаңы иш орундарын түзүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.

1991-жылдан бери иштебей турган заводдун имаратын Асель Атабекова аттуу ишкер айым өткөн жылы аукциондон сатып алып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Ал эми жалпы фабриканын иштеши үчүн 51 миллион 796 миң сом каражат жумшалган.

Андан соң Нурланбек Шакиев Сумсар айылындагы жергиликтүү мектептин абалы менен да таанышты. Алсак, аталган мектептин 360 орунга ылайыкташкан имараты 1961-жылы ишке берилген. 1988-жылы 250 орундуу кошумча окуу имаратын куруу пландалып, бирок 1990-жылы токтоп калган. Натыйжада азыркы тапта 662 окуучу эски мектепте эки нөөмөт менен билим алууда. Ал арада Чаткал өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, эски мектепти оңдоп-түзө иштери башталганы менен көйгөй толук чечилбейт. Андыктан, жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңештин төрагасынан жаңы мектептин имаратын салууга көмөктөшүүнү өтүнүштү. Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулуна жаңы мектептин долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берип, керектүү каражатты кийинки жылдын бюджетине киргизүү талабын койду.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
10:59 12.07.2025
0

Ош шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул...

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Автор Эдита Ильясова
10:51 12.07.2025
0

7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп...

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

Автор Эдита Ильясова
21:41 11.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...

Бишкекте дагы 225 ипотекалык батир ээсине тапшырылды (видео)

Бишкекте дагы 225 ипотекалык батир ээсине тапшырылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
15:07 11.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин...

Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

Автор Эдита Ильясова
14:53 11.07.2025
0

Аймактарда чөптүн сезону кызуу жүрүп жатса керек, таңгакка эчкемер да кошулуп кеткен. Соцтармакта сүрөт Шамалды-Сайда тартылганын жазышууда. Жаныбардын аман калган-калбаганы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

"Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!" Ош мэри рейдде

21:41 11.07.2025
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025
Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

10:51 12.07.2025
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025

Бишкектеги Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти

17:42 12.07.2025
Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

10:59 12.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү