Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү.
Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу –
Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү –
Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу –
Эльнура Эркинбекова алды.
“Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.