«ӨКМ эскертет: Баткен-Ош жолу (Ош-Раззаковдун 63 чакырымындагы каттам үзүлдү). Жүргүнчүлөр убактылуу жолго чыкпай тургула». Мындай билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жарыялады.
Өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу көпчүлүк аймактарда сел жүрүп, калыбына келтирүү иштери уланууда. Тазалоо иштери учурунда бүгүн, 30-июнь күнү саат 20:40тар чамасында Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү кулап түшүп, жол каттамы эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Ош-Раззаков унаа жолундагы 63-чакырымында жайгашкан авариялык эски авариялык көпүрөгө катуу сел келгендигине байланыштуу, көпүрө кулап калды, жанындагы айланма көпүрөнүн үстүнөн катуу суу аккандыгына байланыштуу каттам токтотулду. Кулаган көпүрөдөн жабыркаган адамдар, техникалар жок. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Селдин катуу келип жаткандыгын алдын ала угуп техника каттамдарды жана жөө өтүүчүлөр убагында токтотулган. Учурда бардык күч ошол жакка жөнөтүлдү, облус жетекчиси Эльчибек Джантаев координация иштерин жүргүзүүдө.
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...
Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-июлда Чүй ОИИБге Токмок аймактык ооруканасынан...
Ысык-Көлдө 64 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-июль күнү Балыкчы...
Кечээ, 8-июлда соцтармактарда «Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео тараган. Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо...