Бүгүн, 22-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиевге Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев маалымат беришти.
Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда иштин жай жүрүп жатканын белгилеп, октябрь айынын аягына чейин курулуш иштерин бүтүрүү милдетин койду. Иш сапардын алкагында УКМКнын төрагасы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз, сунуштарын укту. Маселелерди чечүү жагын жана жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө алаарын айтты. Камчыбек Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, жетекчилерди таза иштөөнү, коюлган тапшырмаларды так аткарууну белгиледи. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.
Бүгүн, 10-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон Кыргызстандык...
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык ок атуучу куралдардын катылган жери табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун...
Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош шаарынын көчөлөрүн суу каптады. Соцтармак колдонуучулары видео менен бөлүшүп жатышат. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/07/aqolh_mt_jezw5x9x1u9qf50v89m7ph3fsstijbh0jsexitbstfseihco3ajqak5fq5.mp4
Жумуш убактысында оюн ойноп отурган кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук районунун...